Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Президенти Владимир Путин менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2-мартта Россия Федерациясына иш сапарынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолукту.

Жолугушууда Президент Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алып, эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттердин негизги багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанып турганын билдирди. “Биздин алака-катыштардын мүнөзү тууралу айтуунун зарылдыгы жок. Кыргызстан – биздин ишенимдүү өнөк жана ортобузда чынында эле стратегиялык мамилелер калыптанууда. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейди. Анын натыйжасы биздин экономикалардын, социалдык чөйрөнүн өсүшүндө көрүнөт деп ойлойм”, - деди Владимир Путин.

“Мурда макулдашкандай биз өз ара алака-катыштарыбызды диверсификациялоого умтулмакчыбыз, менимче, бул үчүн негиздер бар”, - деди Владимир Путин.

Россия Президенти ошондой эле мурда белгиленген биргелешкен пландарды жүзөгө ашыруу боюнча иш чараларды иштеп чыккан өкмөттөр аралык комиссиянын ишин белгиледи.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев да кыргыз-орус кызматташтыгынын эң орчундуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө канааттанып жатканын белгиледи. “Биздин өлкөлөр ортосунда ири соода-экономикалык катнаштар орун алгандан тышкары биз – эң оболу стратегиялык өнөкпүз”, - деди Алмазбек Атамбаев. 

Жолугушууда мамлекет башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү маселелерин, биргелешкен долбоорлордун аткарылышын, андан тышкары ар кайсы чөйрөдө мындан ары өз ара аракеттенүүнүн багыттарын, евразиялык интеграциянын өнүгүшүн талкуулашты.

2016-жыл 2-март