Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин орун басарлары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-мартта, Орозматов Кубанычбек Апазовичти мурда ээлеген кызматынан бошотуу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин биринчи орун басары кызматына дайындоо тууралуу буйрукка кол койду.

Мамлекет башчысынын дагы бир буйругу менен Чомоев Нурлан Нуридинович Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин орун басары болуп дайындалды.

2016-жыл 7-март