Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Анкарадагы терактыга байланыштуу Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Анкаранын бороборундагы террористтик актынын натыйжасында жарандардын курман болгондугуна  байланыштуу Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.

«Анкаранын бороборунда – Кызылай районунда ишке ашырылган адмгерчиликке сыйбаган терактынын натыйжасында көп сандаган курмандыктар жана жабыркагандар болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.  Кыргызстан эли Анкарада болгон терактыны чечкиндүүлүк менен айыптайт жана бир тууган түрк элинин азасын тең бөлүшөт», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты, ошондой эле жабыркагандардын тез сакайып кетишин кааларын билдирди.

2016-жыл 14-март