Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлык ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, укук коргоо жана салык органдарынын ишин тартипке салуу, ишкердик субъекттерин текшерүүнү мониторингдөөнү ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте мамлекеттик башка органдарды тартуу менен укук коргоо жана салык органдары тарабынан ишин негизсиз текшерүүлөрдөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ишкердик субъекттерин укуктук коргоо моделин иштеп чыгып, ишке киргизүү сунуш кылынган.

Ошол эле учурда текшерүүлөрдү каттоонун максималдуу ачык-айкын  жана ыкчам механизмдерин камсыз кылуунун зарылчылыгы, алдыңкы технологияларды, анын ичинде аларды эсепке алуунун электрондук формасын, текшерүүлөр жөнүндө маалыматты интернетте жарыялоону киргизүү белгиленген.

Ошондой эле Башкы прокуратурада жана ага баш ийген региондук прокуратураларда бардык текшерүүлөрдүн бирдиктүү эсебин жүргүзүү  сунуш кылынат. Бул жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөр санын иш жүзүндө кыйла кыскартууга көмөктөшөт, ишкердик субъекттер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары бузулганы аныкталган учурда прокуратура органдары чукул арада мыйзамдуулукту бузууларды четтетүүгө милдеттүү болушат.

Мерчемделип жаткан бирдиктүү электрондук эсеп базасы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайтында жарыяланат. Ал аркылуу ишкердик субъекттер текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугу тууралу токтоосуз маалымат алышат, текшерүү катталбаган учурда ал мыйзамсыз деп табылат,  андан тышкары, ишкердик субъекттер укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери тууралу тезинен кабарлай алышат.

2016-жыл 18-март