Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Кытайга барат

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Пекин шаарында 2017-жылдын 14-15-майында өтө турган “Бир алкак – бир жол” эл аралык Форумунун ишине катышуу үчүн Кытай Эл Республикасына жумушчу сапар менен барат.

Форумдун ишине катышуу учурунда ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болжолдонууда.

11-май, 2017-жыл
Басып чыгаруу