Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-апрелде, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушууда  Мамлекет башчысы узакка созулган жамгырдан улам жер көчкөн Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын эки участкасындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү жана анда жашаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жер көчкүдөн жапа чеккен Кызыл-Туу айыл аймагынын эки участкасынын жашоочуларын  коопсуз жайларга көчүрүшкөнүн билдирди. Анын айтымында, жаратылыш кырсыгынан кыйраган үйлөрдүн жашоочулары ар кайсы мезгилде ссудаларды жана жер тилкелерин алышкан, алар жашаган аймактын коркунучтуу экендиги тууралуу эскертүү берилген.

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министрлиги калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүсү тийиш экенин белгиледи. Мамлекет башчысы куткаруучулар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаратылыштын ар кандай кырсыктарына кириптер аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүшү зарыл экенин айтты.

2016-жыл 29-апрель