Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев атамекендик радио станциялардын жетекчилери менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-майда - Радио жана байланыш кызматкерлеринин күнү алдында бир катар атамекендик радио станциялардын жетекчилери менен жолукту.

Жолугушууда Мамлекет башчысы радио станциялардын жетекчилерин келаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, бардык кызматкерлерге ден соолук жана чыгармачылык ийгилик каалады.

Президент Алмазбек Атамбаев ыкчамдыгы жана кеӊири аймакка тарагандыгы менен радио башка жалпыга маалымдоо каражаттарынан айырмаларын белгиледи. Президенттин айтымында, радио бүгүн бардыгына оңой жеткен маалымат каражаты болуп саналат. Анткени, радио берүүлөрдү адамдар үйдө же кеңседе эле эмес, жолдо автомобиль айдап баратып да уга алышат.

Мамлекет башчысы калкты агартууда, жүрүм-турум маданиятынын деңгээлин жогорулатууда жана күчтүү, бакубат мамлекетти курууга көмөктөшүүдө  радионун өзгөчө ролун баса белгиледи.

«Силерден бир гана нерсени өтүнөм – чындыкты айткыла, Кыргызстанды, өз мекениңерди сүйгүлө. Мамлекеттик органдарды сындагыла, бирок башка өлкөлөр менен салыштырып сындагыла. Биз жана силердин угармандар соңку беш жылда Кыргызстанда баарылап жеткен ийгиликтер менен сыймыктана турган нерселер аз эмес. Эң алыскы конуштардын тургундары радио аркылуу эң биринчи маалыматтарга ээ болушат. Атамекендик радиолордун көп кырдуу программалары аркылуу өлкөдөгү жана сырткары жерлердеги окуялар тууралу маалымат гана албастан, билимий жана маданий чыгармалар менен таанышып, классикалык берүүлөргө ортоктош болуп жатабыз», - деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушууга КТРКнын «Биринчи радио», «ЭлТР» МТРКнын «ЭлФМ», «Тумар», «Санжыра», «Европа» жана «Марал» медиатопторунун жетекчилери катышты. 

Жолугушуу аягында Мамлекет башчысы радио станцияларга жаңы радио долбоорлорду колдоо иретинде акчалай сертификаттарды тапшырды.

2016-жыл 6-май