Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 2016-жылдын 6-апрелинде кабыл алган.

Мыйзамдын максаты уюшма кылмыштуулук жанан экстремизм менен менен натыйжалуу күрөштү камсыз кылуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын ички иштер жана улуттук коопсуздук  органдарынын альтернативдүү  тергөө алдындагы иши катары бул органдардын тергөө бөлүмдөрүнүн натыйжалуу ишин уюштуруу максатында Мыйзам тарабынан ЖПКнын 163-беренесине (тергөө алдында),  231-берененин (кылмыш жамаатын (кылмыш уюмун) уюштуруу) ,241-берененин (ок атуучу куралды, ок-дарыларды, жардыруучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрүн мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу жана алып жүрүү, 2991-берененин (улуттук, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган уюшма ишмердик), 2992-берененин (таратуу максатында экстремисттик материалдарды сатып алуу, сактоо, ташуу жана жиберүү же аларды даярдоо жана таратуу, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символикасын же атрибутикасын атай максатта пайдалануу) жана 2993-берененин (экстремисттик ишмердикти каржылоо) аныктоо бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилет.

Жарлык расмий жарыялангандан он күндөн күчүнө кирет.

«Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот >>>

2016-жыл 10-май