Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-майда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн энергетикалык системасынын иши жана алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык боюнча иш чаралар тууралу маалыматты укту.

Айбек Калиев негизги генерациялык объектилерди заманбап кайра жаңылоо боюнча ири энергетикалык долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана энергетикалык тармакта реформаларды тездетүү иштери тууралу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев энергетикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформалар  коррупцияны жок кылуу, жоготууларды азайтуу жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө боюнча Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын чечкиндүү аракеттери менен коштолушу зарылдыгын белгиледи.

2016-жыл 10-май