Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан 2016-жылдын 6-апрелинде кабыл алган.

Мыйзамдын максаты  - жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү маселелерди жана жайыт комитеттеринин (жайыт колдонуучулары жана алардын аткаруу органдары) ишин оптимизациялоо (ылайыкташтыруу).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет.

2016-жыл 13-май