Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Президент Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады

Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Нооруз майрамына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду.

«Сизди жана Кыргыз Республикасынын бир тууган дос элин Афганистан элинин атынан күн календары боюнча Жаңы 1937-жыл менен жана эл аралык Нооруз майрамы менен куттуктайм. Нооруз майрамы биздин мамлекеттерибиздин тарыхында терең тарыхый тамырларга ээ. Бул жакшы майрам кайра жаралуунун символу жана улуу жашоонун башталышы катары элдерибиздин салтанаты менен тосуп алынат. Бул эң сонун майрам өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташууну жана тынч жашоону бекемдейт. Биздин жалпы майрамыбыздын келиши менен Сизди куттуктап жатып, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы дос мамилелер жана кызматташуу мындан ары дагы өнүгө беришин каалап кетем. Сизге ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», - деп Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Ганинин куттуктоо телеграммасында айтылат.

2018-жыл 21-март