Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжан Президенти Ильхам Алиев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана достук мамиледеги  Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады.

«Адамзаттын тарыхындагы эң кыйраткыч жана кандуу согуш майданында дагы, оорукта дагы көрсөтүлгөн кайталангыс каармандык жана эрдик, чыдамкайлык жана берилгендик элдерибиздин даңктуу тарыхына түбөлүккө жазылып калды. Согуш жылдарынын сыноосунан өткөн элдерибиздин ортосундагы достук жана колдоо мындан ары дагы өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жана көп пландуу аракеттенишүүнүн бекем негизи болуп кызмат кылаарына ишенем.

Сизге, урматтуу Сооронбай Шарипович, согуштун жана ооруктун ардагерлерине, Кыргызстандын жалпы элине тынчтык, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм», — деп  белгиленет Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин телеграммасында.

2018-жыл 9-май