Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Ысык-Көл жана Чүй облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Ысык-Көл жана Чүй облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Ысык-Көл облустук сотуна 1, Бишкек шаардык сотуна 2 жана Чуй облустук сотуна 6 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

2019-жылдын 19-январында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 6 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы 3 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү соттордун 6 талапкери боюнча жарлыктарга кол койду.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 6 талапкер дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

— Ысык-Көл облустук сотуна — Апышев Алмазбек Апышевич;

— Бишкек шаардык сотуна — Алгожоев Замирбек Болотбекович;

— Чүй облустук сотуна — Абдиева Тынара Курмантаевна, Абдырашитов Тилек Арстанбекович, Алибаев Акматали Имаралиевич, Джаналиева Миргуль Джаныкеевна жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2019-жыл 26-январь