Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Кыргызстандагы Элчиси Андрей Крутько «Даңк» медалы менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Крутько Андрей Андреевич «Даңк» медалы менен сыйланды.

2019-жыл 25-февраль