Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө 11 Жарлыкка кол койду.

Алардын ичинен 7 Жарлык 2410 адамды (1802 — чоң адам жана 608 — бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар (Кыргыз Республикасынын мурунку жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары менен никеге тургандар) жана 4 Жарлык 982 адамды (780 — чоң адам жана 202 — бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

2021-жыл 16-март