Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, улуттун саламаттыгын сактоо, тургундардын жана келечек муундардын кызыкчылыгында өлкөнүн жаратылыш байлыктарын коргоо, курчап турган чөйрөнү жакшыртуу, туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу максатында токтом кылынат:

Курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерин минималдаштыруу маселелерин натыйжалуу чечүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбакер субъекттеринин, коомдук жана башка уюмдарынын, жарандарынын маанилүү милдети деп эсептелсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

— атмосфералык абанын булгануусунун калктын ден соолугуна терс таасирин азайтуу үчүн:

эл аралык ченемдерге жана талаптарга ылайык атмосфералык абаны булгоонун стационардык жана көчмө булактарын контролдоо боюнча ченемдик-усулдук базаны кайра карап чыгуу;

электр энергиясы жана газ колдонулган транспорт каражаттарын көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү;

20 жылдан ашкан транспорт каражаттарын пайдалануудан баш тартууга дем берүү боюнча чараларды көрүү;

шаарлардын өнүгүү келечектерин жана көп жылдык шамал режимин (шамал багытын) эске алуу менен калктуу конуштардагы аба мейкиндигинин циркуляциясын камсыз кылуу үчүн бийик имараттарды долбоорлоого, жайгаштырууга жана курууга ченемдерди жана талаптарды кайра кароо;

жашылдандыруу ченемдерин көбөйтүү жана калктуу конуштарда жашыл өсүмдүктөрдүн аянтын туруктуу динамикалуу көбөйтүүнү, анын ичинде алардын айланасында жашыл тилкелерди түзүүнү жана кеңейтүүнү камсыз кылуу;

— калдыктарды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу үчүн:

«калдыктан кирешеге» принцибин кеңири ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү;

минералдык-чийки зат ресурстарын толук жана комплекстүү пайдаланууну камсыз кылуу, өндүрүштөрдүн калдыктарын чарбалык жүгүртүүгө киргизүү;

калдыктарды кайра иштетүү, утилдештирүү боюнча ишканаларды түзүүгө, аз калдыктуу жана калдыксыз технологияларды киргизүүгө дем берүү;

катуу тиричилик калдыктарын бөлөк чогултуу системасын жер-жерлерде ишке киргизүү, экинчи жолу иштетилген ресурстар рыногун өнүктүрүү;

— агынды суулардын курчап турган чөйрөгө жагымсыз таасирин кыскартуу жана мөңгүлөрдү сактоону камсыз кылуу үчүн:

республиканын калктуу конуштарында жана туристтик объекттердин аймагында жана эс алуу пункттарында, анын ичинде Ысык-Көл акваториясында тазалоочу курулмаларды контролдоону камсыз кылуу;

айрым мөңгүлөргө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүү үчүн ченемдик базаны кеңейтүү;

— табигый экосистемаларды калыбына келтирүү жана кайталангыс биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону камсыз кылуу үчүн:

табигый экосистемалардын жана токойлордун сакталышына өзгөчө көңүл буруу, алардын талаптагыдай экологиялык абалын кармап туруу боюнча чараларды көрүү;

токойлорду өрттөн, илдеттерден жана зыянкечтерден коргоону күчөтүү;

асылдуулугу төмөн жерлерде токойду өстүрүүнү камсыз кылуу;

тирүү организмдерди жана өсүмдүктөрдү көбөйтүүнү жана эсепке алууну, аңчылыкты ченемдүү кылууну, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактардын аянтын көбөйтүүнү камсыз кылуу боюнча ишти күчөтүү;

— химиялык жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн:

таштандыларда уулуу калдыктарды жана материалдарды көмүү практикасын болтурбоо боюнча чараларды көрүү, аларды жайгаштыруу үчүн полигондордун курулушун камсыз кылуу;

Кажы-Сай жана Миң-Куш штп., Майлуу-Суу ш., Шекафтар а., Кара-Балта кен комбинатынын аймагында уран калдыгын сактоочу жайды жана Сузак а. ири көрүстөндөрдө эскирген пестициддерди зыянсыздандыруу;

— жерлердин азыктуулугун жогорулатуу үчүн:

кыртышты эрозиядан коргоо, өз убагында мелиорациялоо жана жерлерди рекультивациялоо боюнча чараларды күчөтүү;

жогорку азыктуулуктагы жерлерди айыл чарба багытындагы эмес муктаждыктарга бөлүү практикасын токтотуу;

— жаратылышты коргоо долбоорлорун финансылык колдоо, экологиялык инвестицияларды жана технологияларды тартууга дем берүү үчүн Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу жана кошумча финансы ресурстарын тартуу боюнча ишин активдештирүү;

— жаратылышты коргоо системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында эл аралык кызматташуу үчүн:

жөнгө салуу жана контролдоо функцияларын консолидациялоо менен экология боюнча ыйгарым укуктуу органды күчөтүү, экологиялык чөйрөдө бир бүтүн мамлекеттик башкарууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;

тазалоочу түзүлүштөрдүн жана курулмалардын ишин, техногендик авариялардын жана кыйроолордун келип чыгуу коркунучун азайтуу максатында экологиялык талаптарды сактоо бөлүгүндө өндүрүштөрдө технологиялык тартиптин абалын дайыма текшерип туруу механизмин иштеп чыгуу;

жаңы билимдерди жана экономиканын өнүгүүсүнүн мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алуу менен курчап турган чөйрө үчүн стандарттарды кайра карап чыгуу, эл аралык экологиялык стандарттарды жана экологиялык зоналарды киргизүү боюнча ишти күчөтүү;

экология чөйрөсүндө заманбап маалыматтык системаларды жана маалыматтар базаларын түзүүнү тездетүү;

ыйгарым укуктуу органдардын оперативдүү чара көрүүсү үчүн бүткүл өлкө боюнча коомчулук тарабынан аныкталган экологияны бузуу фактыларын жайгаштыруу үчүн онлайн-платформаны иштеп чыгуу;

Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алып, тышкы каржылоону тартуу үчүн өнүгүү боюнча негизги өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн комплекстүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана экологиялык проблемаларды чечүүгө багытталган ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;

экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана климаттык туруктуулук боюнча макулдашылган бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана ведомстволорду контролдоо үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органды аныктоо менен ведомстволор аралык координацияны күчөтүү;

Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун концепциясынын долбоорун алты айлык мөөнөттө иштеп чыгуу жана кароого киргизүү;

2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө 2015-жылдын

12-декабрында кабыл алынган Париж макулдашуусунун максаттарына жетүүгө өбөлгө болгон буу газдарынын чыгуусун кыскартууга жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине ыңгайлашууга Кыргыз Республикасынын кошкон салымына улуттук деңгээлде баа берүү;

алты айлык мөөнөттө ар бир облус жана республикалык маанидеги шаарлар үчүн экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана климаттык туруктуулук боюнча пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2021-жыл 19-март