Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке өзгөртүлдү

Бүгүн, 2012-жылдын 26-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы “Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын лидерлери тарабынан колдоого алынган Кеңештин иш жүргүзүү чөйрөсүн кеңейтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сунушун жана экономикалык өнүктүрүү артыкчылыктарын гана эмес, ошондой эле өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн башка бардык маселелерин чечүүнү өзүнө камтыган Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга комплекстүү мамиленин зарылдыгын көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешти Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке өзгөртүп кайра атоо жөнүндө сунуш кабыл алуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Ушул эле жарлык менен кеңештин жаңы курамы бекитилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин КУРАМЫ

Атамбаев Алмазбек Шаршенович    -    Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы.

Улуттук кеңештин мүчөлөрү:

Жээнбеков Асилбек Шарипович    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы (макулдашуу боюнча);

Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич        Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (макулдашуу боюнча);

Жамашева Феруза Зулумбековна    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);  

Оторбаев Жоомарт Каипович     -    Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич    -    Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Талиева Камила Абдразаковна    -    Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Абдылдаев Мыктыбек Юсупович    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт” фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); 

Турсунбеков Чыныбай Акунович    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “КСДП” фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); 

Кулов Феликс Шаршенбаевич    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ар-Намыс” фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); 

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика” фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Текебаев Өмүрбек Чиркешович    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Нарымбаев Данияр Ильич    -    Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;

Табалдиев  Бусурманкул Беркутович;    -    Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы;

Салянова Аида Жеңишбековна    -    Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

Асанкожоева Зина Мукаевна    -    Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;  

Лаврова Ольга Владимировна    -    Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Сариев Темир Аргембаевич    -    Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Ибраимов Албек Сабирбекович    -    Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары;

Ахметова Нурсулу Меирбековна    -    Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;

Жунушалиев Мелис Турусбекович    -    Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр Улуттук институтунун директору; 

Койчуманов Таалайбек Жумашевич    -    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештин катчысы;

Тунгатаров Актилек Кырманчиевич    -    Кыргызстандын Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);  

Шайыков Замир Мамытбекович    -    Кыргызстан ишкерлер Союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Ошурахунова Динара Мажановна    -    “Жарандык коом жана демократия үчүн” Коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);

Родина Елена Михайловна    -    “Жаратылышты туруктуу пайдалануу” өкмөттүк эмес коомдук ассоциациясынын төрайымы (макулдашуу боюнча).

2012-жыл 26-декабрь