Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстанда 2013-жыл Иштерман жылы деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылды Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарын көңүлгө алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү  милдеттерин чечүүдө Кыргызстандын элинин күч-аракетин азыркы турмушунда анын жаратман ролун жогорулатуу максатында 2013-жылды Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялоо жөнүндө токтом кылынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасында Иштерман жылын өткөрүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга тийиш.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 28-декабрь