Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ушул жарлык менен Билим берүү фонду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду болуп кайра түзүлдү.

Фонддун ишмердүүлүгү өлкөнүн гуманитардык, илимий жана кадрлык потенциалын өнүктүрүү демилгелерин колдоого, таланттуу балдарды жана жаштарды колдоого, оор жашоо кырдаалда болгон балдарга даректүү колдоо көрсөтүүгө жана башка гуманитардык демилгелерге багытталган.      

Жарлык менен Билим берүү маселелери боюнча комиссия түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө жобо бекитилди.

Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Президентинин «XXI кылымдын кадрлары» программасынын айрым бир багыттарын жөнгө салган чечимдер күчүн жоготту деп табылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 17-декабрь