Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмү


 Бөлүм жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишмердигин бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

 Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Президенттин Аппараты жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

Бөлүм өз ишин анын компетенциясына таандык маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле этностук жамааттар жана алардын бирикмелери, диний уюмдар жана башка коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.

Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары

4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин чыңдоо, сактоо, этностор аралык жана жарандык сабырдуулукту өнүктүрүү боюнча Президенттин ишмердигин уюштуруу;

2) өлкөдөгү этностор аралык мамилелер жана диний кырдаал жагында Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин маалыматтык-талдоо жагынан камсыз кылуу;

3) этностук, этностор аралык мамиле жана дин жагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу;

4) Президенттин жарандык жана эл аралык жамааттар, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;

5. Бөлүм негизги милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин чыңдоо жана сактоо, этностор аралык жана жарандык сабырдуулукту өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин иш-чараларын уюштуруу;

2) этностук жана этностор аралык мамиле, диний саясат жана жарандык коом жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү жагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу;

3) бөлүмдүн компетенциясына берилген жактарда мониторинг жүргүзүү, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында стратегиялык багыттарды жана оперативдүү саясат чараларын иштеп чыгуу;

4) конструктивдүү кызматташтыкты жана диалогду орнотуу максатында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстандын калкы Ассамблеясы, этностук жамааттар жана алардын бирикмелери, диний уюмдар, башка коомдук, эл аралык уюмдар менен иштөөсүн жолго коюу;

5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин жана башка документтердин долбоорлоруна карата корутундуларды даярдоо;

6) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо;

7) бөлүмгө берилген ыйгарым укуктардын чегинде анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын аткарылышына контролдук кылуу;

8) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентке, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине багышталган каттарды жана башка кайрылууларды кароо.

Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жөнүндө Жободон

Бөлүмдүн байланыш телефону: 0 (312) 63 86 87


КАРЫБАЕВА Мира Аскеровна 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы 


1967-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында төрөлгөн. 

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 

Эмгек жолу: 

1989 – 1992 ж.ж. Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин улук лаборанты жана улук окутуучусу; 

1992 – 1994 ж.ж. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кенже илимий кызматкери; 

1994 – 2003 ж.ж. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий изилдѳѳлѳр  борборунун илимий катчысы; 

1996 - 2004 ж.ж. Кыргыз Республикасы боюнча Конрад Аденауэр атындагы фондунун координатору; 

2000 – 2010 ж.ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын доценти; 

22.11.2010 - 22.12.2010 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперттик-талдоо жагынан камсыз кылуу бөлүмүнүн социалдык-экономикалык секторунун эксперти; 

20.12.2010 - 7.09.2016 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; 

7.09.2016-02.02.2017 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары; 

02.2017-09.2017 – Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;

2017-жылдан 4 - сентябрынан - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы.




Басып чыгаруу