Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы

СТАМАЛИЕВА Толгонай Турдалиевна

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы

 

1975-жылы туулган.

Жогорку билимдүү, 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «журналистика» адистигин аяктаган.

Эмгек жолу 1998-жылы «Кабар» Кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинде башталып, анда 2002-жылга чейин иштеген.

2002-2005-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аппаратынын басма сөз кызматында консультант, улук консультант кызматында иштеген.

2005-2006-жж. — Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комитетинин маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары — басма сөз кызматынын жетекчиси.

2006-2007-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматында референт.

2007-2009-жж. Эл аралык «Манас» аэропортунун басма сөз катчысы, тышкы байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси.

2009-2010-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары, 2010-2011-жж. — Жогорку Кеңештин Аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси.

2011-ж. — КР БШК төрагасынын жардамчысы, КР БШК маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы.

2012-2015-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси.

2015-2016-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

2016-2017-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.

2017-ж. — Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы.

2017-жылдын ноябрь айынан тартып — Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы — Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы.

«Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси» класстык чинине ээ.

2014-ж. «Басма сөздү жана маалыматты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын ардактуу белгиси менен сыйланган.

2015-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардактуу грамотасы менен сыйланган.

2006-2009-жж. негизги ишин Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Коомчулук менен байланыш» багыты боюнча сабак берүү менен айкалыштырган.