Эсеналиев Досалы Акпаралиевич
1965-жылы 11-апрелде Джалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында төрөлгөн
Билими: Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
1990-1993-жж. КМУУнун «Тарых» адистиги боюнча аспирантураны сырттан окуган.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси – 2008 ж.
Иш тажрыйбасы:
1982-1983-жж. - Ала-Бука орто мектеби, пионервожатый
1983-1984-жж. - КМУ, студент
1984-1986-жж. - Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн
1986-1990-жж. - КМУУ, студент
1990-1992-жж. - КМУУ, окутуучу
1992-1993-жж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги, министрдин жардамчысы
1993-1994-жж. – Стратегиялык изилдөөлөр борбору, улук референт
1994-1997-жж. - «Сорос-Кыргызстан» фонду, менеджер
1997-1999-жж. - ПРООН «Адамдын Туруктуу Өнүгүүсү», улук эксперт
1999-2001-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы, эксперт
2001-2002-жж. - Дүйнөлүк банктын "Өнүгүүнүн комплекстүү негизи программасынын алкагында институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү» долбоору, коомчулук менен байланыш адиси
2002-2003-жж. - Дүйнөлүк банктын «Жакырчылыкты кыскартуу стратегиясына институционалдык колдоо» долбоору, эксперт
2003-2008-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы, жетекчи
2008-2009-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, жетекчинин орун басары
2009-2010-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Жогорку Кеңеш менен байланыш кызматынын жетекчиси - Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү
2010-2012-жж. - «Республика» партиясы, Аткаруу комитетинин жетекчиси
2013-2015-жж. - «Бир Бол» партиясы, Аткаруу комитетинин жетекчиси
2015-2016-жж. - “Бир Бол” фракциясы, лидердин кеңешчиси
2016-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы, төрага
04.2018-08.2018-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары
08.2018-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Президенттин Аппарат Жетекчиси
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.