Президенттин Аппаратынын Жетекчиси

НИЯЗОВ Фарид Абилезимович

1958-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында туулган.

К.Скрябин  атындагы Кыргыз  айыл чарба институтун аяктаган, адистиги - гидромелиорация, инженер-гидротехник.

Эмгек ишмердигин 1980-жылы К.Скрябин  атындагы Кыргыз  айыл чарба институтунда геодезия жана графика кафедрасынын ассистенти болуп баштаган.

1982-жылдын май айынан 1983-жылдын июнуна чейин курулуш отряддарынын республикалык штабынын коопсуздук техникасы боюнча ага инженери болуп иштеген.

1983-жылдын июнунан  1987-жылдын декабрына чейин – Кыргызстан ЛКЖС БК комсомолдук студенттик отряддар бөлүмү; инструктор, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы, ЛКЖС БК бюро мүчөсү;

1987-жылдын декабрынан 1991-жылдын февралына чейин – Кыргызстан КП Москва райондук комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

1991-жылдын февралынан 1993-жылдын сентябрына чейин  –   «Комсомольская правда» гезитинин редакциясында кабарчы, Кыргызстан боюнча коммерциялык өкүл;

1993-жылдын сентябрынан 1994-жылдын апрелине чейин  Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинде –  иш башкармалыгынын башчысы, министрдин жардамчысы;

1994-жылдын апрелинен 1995-жылдын январына чейин   –  КР Өкмөтүндө, КР вице-премьер-министринин жардамчысы;

1995-1996-жылдары –  КР Президентинин Администрациясы, Басма сөз кызматынын жетекчиси;

1996-жылдын январынан 1997-жылдын августуна чейин  –  КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынында Аппарат жетекчиси;

1997-жылдын августунан  1999-жылдын июнуна чейин  –  «Акыл» ААК  башкармалыгынын төрагасы;

1999-жылдын июнунан 2001-жылдын августуна чейин  –  КР Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысы;

2001-жылдын августунан 2005-жылдын августуна чейин –  «Комсомольская правда-Азия» ЖКЧнын өнүктүрүү долбоорлору боюнча директору;

2006-жылдын февралынан 2006-жылдын июнуна чейин  –  «24.kg»маалыматтык агенттигинин башкы директору;

2005-жылдын августунан 2010-жылдын апрелине чейин –  «Коммерсант» (Россия) гезитинин редакциясынын штаттан тышкаркы кабарчысы;

2010-жылдын 24-апрелинен КР Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратында маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси;

2010-жылдын августунан 2010-жылдын сентябрына чейин – Президенттин Администрациясы, маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси;

2011-жылдын январынан 2011-жылдын декабрына чейин –  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, КР Премьер-министринин кеңешчиси;

2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын 7-октябрына чейин –  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында КР Президентинин кеңешчиси;

2015-жылдын 7-октябрынан  2017-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси;

2017-жылдын 1-мартынан 3-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин  кеңешчиси;

2017-жылдын  3-июнунан  23-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси;

2017-жылдын 1-декабрынан тарта Президенттин кеңешчиси.

2017-жылдын 11-декабрынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси.

Басып чыгаруу