Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин кеңешчилери

 

ШАЙЫМКУЛОВ Муратбек Ормонович

 

1960-жылы 4-мартта төрөлгөн.

Билими: 

1983-жылы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин аяктаган.

1994-жылы Вашингтон экономика өнүктүрүү институтун аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

1983-1986-жж. — М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспиранты;

1986-1994 -жж. — Кыргыз мамлекеттик университети, математик, окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысынын милдетин аткаруучу, декан;

1994-1998 -жж. — «Дастан» технологиялык университети, доцент, биринчи проректор;

1998-2000 -жж. —  Билим берүү министрлигинин департаменти, башкы адис, директордун орун басары, директордун милдетин аткаруучу;

2000-2005 -жж. —  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын кеңешчиси;

2005-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын бюджет жана финансы комитетинин эксперти;

2007-2009 -жж. —  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн сектор башчысы, финансылык сектордун эксперти;

2009-2010 -жж. —  Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигинин территорияларды өнүктүрүү кызматынын жетекчиси;

2010-2012 -жж. —  Экономикалык анализ жана божомол институтунун директору;

2012-2016 -жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси;

2016-2017 -жж. —  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;

2017-жылдын 27 ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.

 

------------------------------------------------------------------------------------------------------

 Панкратов Олег Михайлович

 

1969-жылы 1-январда Жалал-Абад шаарында туулган.

Жогорку билимдүү.

1992-жылы Прежевальск педагогикалык институтун аяктаган;

2002-жылы КМУУну аяктаган.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1992 – 1995 - ж.ж. – Каракол шаарынын № 6 орто мектеби, мугалим;

1995 – 1999 - ж.ж. — «Unis» АКнун Каракол филиалы, директор;

1999 – 2007 - ж.ж.  — «Ишкерлер союзу» ачык коомунун төрагасы;

2007 - 09.2010 – ж.ж. — «Бизнес Право Инфо» ЖЧК, директору;

09.2010 - 03.2012-ж.ж. — Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, министрдин орун басары;

03.2012 - 11.2012 - ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги, министрдин орун басары;

11.2012 – 2013- ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, министрдин орун басары;

05.2015 - 11.2015- ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, министр;

11.2015 – 08.2017 - ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, вице-премьер-министр;

04.2018 - 05.2019 -ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, министр;

2019-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.