Президенттин Жогорку Кеңештеги Ыйгарым укуктуу өкүлү


 Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Президентинин таламдарын көздөйт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде анын конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Президенттин Аппараты жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

Ыйгарым укуктуу өкүл Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Президентинин атайын уруксатысыз эле катышат.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп Президент менен Жогорку Кеңешинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу саналат.

Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүл Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. 

 Президенттин Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн функциялары 

1) белгиленген тартипте Жогорку Кеңешинин жыйналыштарына, анын ичинде жабык жыйналыштарга, анын комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын, депутаттык фракциялардын ишине катышат;

2) Президентинин ыйгарым укуктарына тиешелүү мыйзам долбоорлору боюнча Президенттин позициясын билдирет;

3) Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарга карата Президентинин каршы пикирлерин Президенттин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштарына сунуш кылат;

4) Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун кабыл алууда Президенттин позициясын билдирет;

5) Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу ишинин абалы жана анда каралып жаткан маселелер жөнүндө Президентине туруктуу, ал эми зарыл болгон учурда дароо маалымдайт;

6) шайлоо, бошотуу, макулдук берүү үчүн Президент киргизген талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуш кылат;

7) айрым жерлерге өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө; Кыргыз Республикасына баскынчылык кылуу же түздөн-түз кол салуу коркунучу пайда болгон учурда согуш абалын жарыялоо, аскердик абалды киргизүү жөнүндө Президенттин жарлыктарын Президенттин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылат;

8) Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө Президенттин сунуштарын, ошондой эле анда карала турган маселелер боюнча сунуштарды киргизет;

9) зарыл болгон учурда Жогорку Кеңештин, комитеттердин жана фракциялардын жетекчилери менен консультацияларды жүргүзөт;

10) Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибине сунуштарды иштеп чыгууга катышат;

11) Жогорку Кеңеште кароо үчүн Президент тарабынан киргизилген докладдарды жана башка материалдарды даярдоого катышат;

12) комитеттердин, убактылуу комиссиялардын, депутаттык фракциялардын жана Жогорку Кеңештин жетекчилери менен Президенттин өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого, жолугушууларын уюштурууга көмөк көрсөтөт;

13) Президент менен Жогорку Кеңештин өз ара мамилесине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна талдоо жасайт, зарыл болгон учурда тийиштүү сунуштарды киргизет;

14) Президенттин Жогорку Кеңештеги таламдарын билдирүүгө байланышкан башка функцияларды аткарат. 

 



Президенттин Жогорку Кеңештеги Ыйгарым укуктуу өкүлү

Дыйканбаев Курманбек Сапарович

1960-жылдын 11-июлунда Ысык-Көл облусундагы Түп районундагы Түп айылында туулган.

Россия Федерациясынын Витебск шаарындагы ветеринардык институтту аяктаган.

ЭМГЕК ТАРЖЫМАЛЫ:

1986-1987-ж. – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы “СССРдин 50 жылдыгы” атындагы колхоздун ветеринардык врачы.

 

1987-1992ж. – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе атындагы колхозунун башкы ветеринардык врачы.

 

1992-1993-ж. – Түп районундагы “СССРдин 50 жылдыгы” атындагы колхоздун башкармасынын төрагасынын орун басары.

 

1993-1994-ж. – Дыйкандар-өнөр жай союзунун директору.

 

1994-1995-ж.– Түп районундагы Фрунзе атындагы колхозунун башкармасынын төрагасы.

 

1995-1996-ж. – “Алдаяр” кооперативинин төрагасы.

 

1996-1997-ж. – Түп районундагы “Кутургу” айыл өкмөтүнүн башчысы.

 

1997-1998-ж. – КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясынын жетектөөчү адиси.

 

1998-2001-ж. –ПРООН “Децентрализация” долбоорунун эксперти.

 

2002-2009-ж. – КР жергиликтүү коомчулугунун конгрессинин аппарат жетекчиси.

 

2009-2010-ж. – Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчысы.

 

2011- 2015-ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

2015-2017-ж. – “Көл-Мунай” ЖЧК техникалык директору.

 

КР Президентинин Ардак грамотасы, КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. III класстагы мамлекеттик кеңешчи.

Басып чыгаруу