Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматы

Улуттук стратегиялык документтер: 

  • «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү концепциясы» кабыл алынды. Бул стратегиялык документ Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын логикалык уландысы болуп саналат. Негизги багыт — этностор аралык ынтымакты бекемдөө, жарандык бирдейликти жана туруктуулукту камсыздоого өбөлгө түзүүчү саясатты улантуу.
  • «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын» долбоору атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгып, коомдук талкуудан өткөрүлдү. Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынуусу пландалууда.

Даярдалган нормативдик-укуктук актылар:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин „Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жөнүндө“ Жарлыгы 2020-жыл 21-сентябрь;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин „Кыргызстан калкы ассамблеясын статусун жогорулатуу жөнүндө“ Жарлыгы 2020-жыл 13-ноябрь № 38;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин „2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү концепциясы жөнүндө“ Жарлыгы 2020-жыл 13-ноябрь № 39;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын

14-декабры № 57 Жарлыгы — „Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы ‚Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө‘ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин ‚Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө‘ № 153 Жарлыгы (28.08.2020-ж).

Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен өткөрүлгөн иш-чаралар:

  • 2020-жылдын 27-28-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясы менен Эриш-аркак жылынын алкагында анын ачылыш аземине катышуу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун Россия Федерациясына болгон иш-сапарына тиешелүү документтерди даярдоо;
  • 2020-жылдын 7-апрелинде Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагындагы ‚Ата-Бейит‘ мемориалдык комплексинин аймагында жаңы ‚Таазим‘ музейдин ачылышы (боюнча керектүү документтерди, маалыматтарды даярдоо жана Президенттин катышуусундагы иш-чараны уюштуруу;
  • 2020-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун эпидемияологиялык абалда жардам көрсөткөн волонтердук кыймылдардын лидерлери жана активисттери (15-20 киши) менен жолугушуусунун керектүү документтерди даярдоо жана уюштуруу маселелери менен иштөө (тизмелер, ар бирине негиздемелерди түзүп чыгуу, резюмелер, ПЦР-тесттен өткөрүүнү уюштуруу ж. б.);
  • 2020-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбковдун катышуусунда 2020-жылдын орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ‚Алтын сертификаттарды‘ тапшыруу аземи уюштурулду;
  • 2020-жылдын 30-июлу Кыргыз Республикасында Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланып, ал күнү Ата-Бейит мемориалдык комплексинде Президент С. Ш. Жээнбеков катышуусунда коронавирус инфекциясынан каза болгондорду эскерүү аземи уюштурулду;
  • 2020-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда өткөрүлдү;
  • 2020-жылдын 7-ноябрында ‚Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө‘ карата Ата-Бейит мемориалдык комплексинде гүл коюу аземине Президенттин милдеттерин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров катышты;
  • 2020-жылдын 12-ноябрында ‚Бирдиктүү эл — өнүккөн өлкө!‘ форуму болуп, бул иш-чарада көп этносту өлкөнүн өнүгүү жолдору, ынтымак, биримдикти бекемдөө багытындагы мамлекеттик саясат камтылды. Концепцияны ишке ашыруу 2021-2026-жылдар аралыгында иш-чара планында каралат. Жаңы Концепция ‚Бирдиктүү эл-өнүккөн өлкө‘ аталышындагы форумда талкууланып, ага Президенттин милдеттерин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров катышты;
  • 2020-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин алкагында ‚Ислам азыркы светтик мамлекетте: конфессиялар аралык кызматташтыктын тажрыйбасы‘ аттуу IV-эл аралык конференциясы өттү;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу Т. Т. Мамытовдун Катар мамлекетинин олимпиадалык комитетинин делегациясын кабыл алуу иш-чарасын уюштуруу;
  • 2020-жылдын 12-декабрынан 18-декабрына чейин Сербия Республикасынын Белград шаарында күрөш боюнча жеке Дүйнөлүк Кубоктун жеңүүчүлөрүн кабыл алуу иш-чарасы уюштурулду. Куттуктоо баракчасы даярдалды;
  • 2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен 2020-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө ‚Алтын сертификат‘ тапшыруу аземине даярдык көрүү (керектүү документтер, алкыш баракчалар, тизмелер, буйрук, белектерди аныктоо, ПЦР-тесттен өткөрүүнү уюштуруу ж. б.);
  • 2020-жылдын 26-декабрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдардын жаңы жылдык оюн-зоогун иш-чарасына (онлайн форматта) катышуу (керектүү документтер, белектерди аныктоо, тизмелер, буйрук, белектерди аныктоо, уюштуруу маселелери ж. б.).

 

2020-жылдагы жетишкендиктер

  • Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын пандемияга байланыштуу санариптештирүү;
  • Сербия Республикасынын Белград шаарында күрөш боюнча жеке Дүйнөлүк Кубокто командалык эсепте Кыргыз Республикасы экинчи орунду алды. Биздин спортчулар 3 алтын 5 коло медалга ээ болушту;
  • Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясы менен Эриш-аркак жылына карата маданий иш-чаранын Москва шаарында өтүшү.

 

Көйгөйлүү маселелер

  • Диндин саясатташуу маселеси;
  • Айрым саясатчылардын этникалык коомчулуктарды өзүнүн жеке саясий кызыкчылыктарында пайдалануу аракеттери;
  • Жарандык интеграция процессинин жай жүрүшү, этникалык жана аймактык негизде жаатташуунун саясатташышы;
  • Мамлекеттик тилди бирдейлештирүү, аны окутууну эл аралык стандарттарга келтирүүнүн негизинде билим берүү системасына интеграциялоо;
  • Мамлекеттик-улуттук курулуш процессин бекемдөө маселеси.
2021-жыл 4-январь