Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан 2020-жылы төмөнкү негизги иш-чаралар аткарылган

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин камсыз кылуу, ошондой эле Мамлекет башчысы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчилиги тарабынан берилген тапшырмаларды аткаруу алкагында көрсөтүлгөн мөөнөттө төмөнкү негизги иш-чаралар аткарылды.

  1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин жана анын чечимдерин ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча

2020-жыл ичинде  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин
12 жыйналышы өткөрүлүп, 15 чечими кабыл алынган.

Алардын ичинен 8 чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышын болтурбоо көйгөйүнө тийиштүү.

КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан ар бир чечимдин аткарылышы боюнча туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп, жетекчиликке квартал сайын маалымат даярдалып, киргизилип турат.

 

2. Эл аралык кызматташуу багытында

  1. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында 

 Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан өз учурунда уюштуруу жана даярдык көрүү иштерин аткаруу менен төмөнкүлөр өткөрүлдү:

1) 2020-жылдын 14-апрелинде ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусун даярдоо боюнча жылына өтүүчү эксперттик топтун жыйналышы интернет аркылуу өткөрүлдү;

2) 2020-жылдын 11 жана 14-сентябрында ШКУ мүчө-мамлекеттеринин эксперттик жолугушуусу видео байланыш аркылуу дистанттык форматта өткөрүлдү;

3) ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын он бешинчи жолугушуусу 2020-жылдын 15-сентябрында видео конференц байланыш аркылуу өткөрүлдү (жыйналышка Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Кыргызстандын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары, ошондой эле ШКУнун Генералдык катчысынын орун басары жана ШКУ РАТС Аткаруу комитетинин директору катышкан).

Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча Маалыматтык билдирүү кабыл алынган.

  1. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) алкагында

 

1) ЖККУ Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин (Комитет) Күн тартибине киргизилген 23 документти макулдашуу үчүн видео байланыш аркылуу 3 жыйналыш өткөрүлдү.

2) ЖККУ Комитетинин кезектеги жыйналышы Россиянын төрагалыгы астында 2020-жылдын 17-ноябрында өткөрүлдү.

Ал кеңейтилген курамда Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчыларынын, ошондой эле ЖККУ Генералдык катчысынын, өлкөлөрдүн ЖККУдагы Туруктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүп, жалпы 23 документ каралып, жактырылды.

3) 2020-жылдын 17-ноябрында өткөн ЖККУ Комитетинин жыйналышында кабыл алынган документтерге Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы жекече тартипте кол коюп (1 Биргелешкен билдирүү, 11 жалпы документ, 1 КПҮ (кызматтык пайдалануу үчүн), 3 жабык мүнөздөгү документ), дипломатиялык почта аркылуу ЖККУ Катчылыгына жөнөтүлдү.

2020-жылдын 2-декабрында ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин (өлкө Президенттеринин) жыйналышы КР Президентинин м. а. Т. Мамытовдун катышуусунда, видео конференц байланыш аркылуу өткөрүлдү.

Ага ЖККУ Уставдык органдары: Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин (Р. Казакбаев), Коргоо министрликтеринин кеңешинин (Т. Өмүралиев), Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин (Р. Мусаев) мүчөлөрү, КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси (С. Касмамбетов) катышты.

КР Президентинин м. а. аларды жактыруу тууралуу буйрукка кол койду:

  • ЖККУ Аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) материалдык-техникалык жана медициналык жактан камсыз кылуу жөнүндө макулдашууну жактыруу (2020-жылдын 18-декабры ПБ № 49);
  • ЖККУ Тынчтык орнотуу иши жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколду жактыруу (2020-жылдын 18-декабры ПБ № 50).

 

  1. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги алкагында

2020-жылдын 18-ноябрында Россия Федерациясы тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын VIII жолугушуусу өткөрүлдү. Кезектеги жолугушуу коронавирустук инфекцияга байланыштуу видео конференция форматында Генералдык штабдын Кризистик жооп кайтаруу борборунда онлайн-режимде өттү.

Жолугушуунун күн тартибинде 5 маселе талкууланды. Азербайжандын, Армениянын, Беларуссиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары баяндама жасашты.

Алардан тышкары, КМШ Аткаруу комитетинин Төрагасы, ЖККУ Генералдык катчысы сөз сүйлөштү.

 

  1. Эки тараптуу кызматташтык алкагында

«Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу» кабыл алынды.

Мындан тышкары, Кытай Эл Республикасы (КЭР) менен Кыргыз Республикасынын ортосунда түзүлгөн «Кыргызстан жана Кытайдын ортосундагы коопсуздук маселелери боюнча диалог» ведомство аралык региондук кызматташтык механизминин алкагында, коронавирустук инфекциясынын таралышынан улам, КЭР тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлгөн, ал эки этапта берилди.

 

3. Мамлекеттик органдарда системалуу коррупцияны демонтаждоо ишин уюштуруу боюнча

2020-жылдын январь айында эксперттик топ тарабынан КР Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик каттоо кызматынын «Унаа» мекемесинин ишине мониторинг жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы 2020-жылдын 30-январында КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын Жумушчу тобунун жыйналышында каралган.

  • 2020-жылдын январь айында КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишине мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыктары кароого даярдалууда.
  • 2020-жылдын февраль айында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана граждандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) департаментиндеги жана Архив агенттигиндеги коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо боюнча актуалдуу пландарынын мониторинги каралган.

Кийин коронавирустук пандемияга байланыштуу иштерди аралыктан «онлайн» режиминде өткөрүү чечими кабыл алынган.

Негизинен бул Пландар КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын макулдугу менен ал мамлекеттик органдын жетекчиси жана КР Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси тарабынан бекитилет. Бекитилгенден кийин аткарууга берилет.

Төмөнкү мамлекеттик органдардын Пландары бекитилген жана аткарууга берилген:

  • КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана граждандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) департаменти;
  • КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Архив агенттиги;
  • КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;
  • КР Юстиция министрлиги.
  • КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы.

4. Төмөнкү мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана өз ара аракеттенүү боюнча ишти уюштуруу жүргүзүлүп жатат (кураторлук жүргүзүү):

1) КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы;

2) КР Ички иштер министрлиги;

3) КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

4) КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;

5) КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

6) КР Мамлекеттик чек ара кызматы;

7) КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

8) КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы).

 

5. Кайрылууларды жана кызматтык документтерди кароо боюнча

 

  1. Жарандардын кайрылууларын кароо

Көрсөтүлгөн мезгилде КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгына республиканын бардык аймактарынан жарандардан жана уюмдардан ар кандай көйгөйлөрү боюнча 1023 кайрылуу келип түшкөн.

Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин контролунда 93 кайрылуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчилигинин контролунда турган — 33 кайрылуу каралган.

Алардын бардыгы боюнча кызматтык каттар даярдалып, киргизилген.

Калгандары тиешелүүлүгүнө карата тийиштүү органдарга жиберилип, каралуусу контролго алынган.

 

  1. Кызматтык документтерди кароо

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына келип түшкөн жашыруун мүнөздөгү эмес 2146 документтер каралган. Бардыгы боюнча өз убагында кызматтык каттар берилген.

6. Андан тышкары, Катчылыкка жүктөлгөн тапшырмалар аткарылууда.

Алардын ичинен азыркы мезгилде аткарылып жаткан иш-чаралардын негизгилери:

2020-жылы аскердик башкаруу органдарынын системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 548 токтому менен КР Мамлекеттик чек ара кызматы Кр Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  Чек ара кызматы болуп түзүлдү.

КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин базасында КР Коргоо министрлигин түзүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы министрликтин курамында болот.

 

2021-жыл 4-январь