Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу инспектордук иш бөлүмүнүн аткарган иштери боюнча маалымат

Региондогу жолугуулар:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу инспектордук иш бөлүмү тарабынан бир катар иштер аткарылды. Негизинен Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарга болгон иш сапарлары уюштурулуп, жыйынтыгында тиешелүү иш-чаралар кабыл алынып, аткарылды:

2018-жылы  26 жолугушуу өткөрүлүп, жалпы 213 пункттан, 363 маселеден турган иш-чаралар планы түзүлүп, тиешелүү бөлүмдөр тарабынан көзөмөлгө алынган.

2019-жылы  26 жолугушуу өткөрүлүп, жалпы 257 пункттан 467  маселеден турган иш-чаралар планы түзүлгөн.

2020-жылы 27 жолугушуу өткөрүлүп, жалпы 230 пункттан 377  маселеден турган иш-чаралар планы түзүлгөн.

Тактап айтканда, эки жыл аралыгында региондорго жалпы 79 иш-сапары уюштурулду. Жыйынтыгында, 700 пункттан турган 1207 маселени камтыган иш-чаралар планы түзүлдү.

 

ААР:

2018-жылдын 24-сентябрындагы № 189 «Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны (ААР) жүргүзүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында аталган реформаны этап-этабы менен ишке ашыруунун Жол картасы иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы № 461-б буйругу менен бекитилген.

Ошондой эле ушул Жол картасын натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 5-июлундагы № 370 буйругу менен туруктуу иш алып бара турган ведомстволор аралык жумушу топ түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аянтчасында аталган жумушчу топтун бир канча кеңешмелери өткөрүлүп, административдик-аймактык реформаны жүзөгө ашыруу боюнча актуалдуу багыттар талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

Алардын негизгилеринин бири — бул Жол картасында кабыл алынган иш-чараларды белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан аткарылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу, ар бир пландалган иш-чара боюнча бирдиктүү жыйынтыктарга келүү жана административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн моделинин болжолдуу долбооруна чыгуу болуп эсептелет.

Жогоруда коюлган маселелерди ырааттуу ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун катышуусунда тиешелүү иштер аткарылып келген. Бөлүм тарабынан аталган жумушчу топ менен тыгыз кызматташуу иштери жүргүзүлдү.

Бөлүм тарабынан аткарылган олуттуу иштердин бири жериндеги райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдердин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө арналган иштер болду.

Ушул максатты ишке ашыруу үчүн 2018-жылдын 18-январындагы № 3  «Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү  өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча чаралар жөнүндө» буйрук кабыл алынган.

Буйруктун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилгелеп, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорун даярдашкан.

Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттеринен өтүп, Жогорку Кеңештин жыйынында каралып, негизги концепциясы биринчи окууда жактырылган. Аталган мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү иштер аткарылган. Бул иштерди жүзөгө ашырууда бөлүм тарабынан тиешелүү иштер аткарылды.

 

Ишкерлер фонддор менен иштөө:

 

Ишкерлер:

2018-жылы Региондорду өнүктүрүү жылынын иш-чараларынын алкагында республиканын аймагында ишкерлер тарабынан жалпысынан 6459,171 млн сомдук 262 өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишканалар ачылган, 346 социалдык объекттер курулуп жана оңдолгон, 132 километрден ашык жол оңдолгон, 87 ичүүчү суу түтүктөрү оңдолуп жана курулган, 87 ирригация түтүктөрү жасалган, 14 сел тосмолору курулган,  499 кызмат көрсөтүү боюнча ишканалар ачылган, 2594 жакыр үй-бүлөлөргө жана үй шарты оор жарандарга жардам көрсөтүлүп, кошумча 6432 жумуш орду түзүлгөн.

2019-жылы республиканын аймагында ишкерлер тарабынан жалпысынан 14 237,4 млн. сомго иштер аткарылган. Анын ичинен  өндүрүш жана кайра иштетүүчү 450 ишкана ачылган, 422 социалдык объект курулуп, оңдолгон, 210 километрден ашык жол оңдолгон, 105 ичүүчү суу түтүгү оңдолгон, 55 ирригация түтүгү жасалган, 21 сел тосмосу курулган,  кызмат көрсөтүү боюнча 695 ишкана ачылган, 13 106 жакыр үй-бүлөгө жана үй шарты оор жарандарга жардам көрсөтүлүп, кошумча 20 719 жумуш орду түзүлгөн.

Фонддор:

2018-жыл ичинде республиканын аймагында жалпы 140 ар түрдүү фонддор (өнүгүү, кайрымдуулук жана башка ушул сыяктуу) түзүлүп, анда жыйналган каражат жалпы 2718,99 млн сомду түзгөн. Белгиленген каражат 10 өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишкана уюштурууга, 193 социалдык объекттерди курууга жана оңдоого, 41 жол жана көпүрө курууга, 54 ичүүчү суу менен камсыз кылууга, 24 ирригация тармагын жакшыртууга, 1 сел тосмолорун курууга, 51 кызмат көрсөтүүгө жумшалып, 2156 үй-бүлөгө жардам берилип, 424 кошумча жумуш орду түзүлгөн.

2019-жылы республиканын аймагында жалпы 378 ар түрдүү фонд (өнүгүү, кайрымдуулук жана башка ушул сыяктуу) түзүлүп, анда жыйналган каражат жалпы 3 692,3 млн сомду түзгөн. Белгиленген каражат өндүрүш жана кайра иштетүүчү 14 ишкана уюштурууга, 238 социалдык объект курууга жана оңдоого, 92 жол жана көпүрө курууга, 49 ичүүчү суу менен камсыз кылууга, 29 ирригация тармагын жакшыртууга, 13 сел тосмосун курууга, 71 кызмат көрсөтүүгө жумшалып, 1670 үй-бүлөгө жардам берилип, 1465 кошумча жумушчу орун түзүлгөн.

2020-жыл ичинде дагы ушундай эле фонддор жана ишкерлер менен иштөө иштери аткарылды. Бирок негизги көңүл короновирус оорусуна каршы күрөштү жүргүзүүгө бөлүнүп, жеринде социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүнү уюштуруу иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, бөлүм тарабынан обсервациялык пункттарды, күндүзгү станицонарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте уюштуруу, жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо иштери жүрдү.

КР аймагына короновирус илдетин киргизбөө үчүн тактоо иш-чараларынын алкагында эл аралык каттамда 24 авиарейс менен учуп келген 4500дөн ашык жарандарды тактоо иштери жүрдү.

2020-жылдын жарым жылында уюштуруу иштеринин негизинде региондордо төмөндөгүдөй жардамдар  берилди:

Бишкек шаары:

Бишкек шаары боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 1 146,55 тонна ун, 260,2 тонна макарон, 194139 литр өсүмдүк майы, 279,8 тонна күрүч, 261,3 тонна кум шекер, башка азык-түлүк: 21960 кг чай, 105806 кг буурчак, 64230 кг гречка, 12530 кг китлап, 448 кг эт, 33337 коюлтулган сүт, 8126 кг картошка, 372 пачка бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пиаз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг конфет, 2213 кг туз берилди.

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 096 326,53 сом түздү. Жалпысынан  125 447 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 202 аралыкта текшерген термометр, 162336 бет кап, 2925 респиратор, 1220 бет жапкыч, 40058 кол кап, 4165 литр антисептик, 1794 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет), 6654 даана коргоо костюмдар (бир жолу кийилет).

Ош шаары:

Шаар боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 470 тонна ун, 82300 кг макарон,  63600 л өсүмдүк майы, 70300 кг күрүч, 68100 кг кумшекер, 800 кг эт, 45200 кг картошка берилди.

Көрсөтүлгөн жардамдардын саны 62 553 түздү. Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 8 557,2 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 8,1 тонна хлор, 551 100 даана беткап, 4 300 л. антисептик, 18 300 даана коргоо костюмдары, 267 500 даана кол каптар берилди.

Ош облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө  жардам катары 3054 тонна, 590 кг.  ун,  (анын ичинде КРнын мамлекетттик резервдер фондунан 1325,05 тонна ун, Өзбек Республикасынан 380 тонна ун) 75т.488 кг. макарон,  146т. 773  л. өсүмдүк майы, 73 т. 337 к.г күрүч, 43т. 561 кг. кумшекер, 8т. 641  кг. эт, 26 т 285  кг   картошка берилди.

Жалпысынан 103 157 үй-бүлөгө жардам берилди. Анын ичинен жеке тараптардан 52618 үй- бүлөгө, материалдык резерв фондунан 36 727 үй-бүлөгө, жергиликтүү бюджеттен 1947 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди.

Республикалык бюджеттен жардамга муктаж үй-бүлөлөргө  Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн районуна 8 млн. 492 миң сом бөлүнүп, 10 615 үй-бүлөгө, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебинен Ноокат айонуна 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүнүп, 1250 үй-бүлөгө (ар бири 800 сомдук) азык-түлүк баштыгы жасалып, жалпысы 11 865 үй-бүлөгө таркатылды.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  12 т.360 кг. хлор, 235 898 даана беткап, 3 245 л. антисептик, 4586 даана коргоо костюм 380 080 даана кол каптар, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат берилди.

Чүй облусу:

Чүй облусу боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 1344,225 т. ун, 157169,0 кг макарон, 137813,0 литр өсүмдүк майы, 103152,0 кг күрүч, 339789,0 кг кумшекер, 5985 кг эт, 41669,0 кг. картөшкө, пияз, сабиз мындан тышкары 6935 кг буурчак, 10105 пачка чай, ж. б.азыктар таркатылды.

Мындан тышкары, чогулган финансылык жардамдардын жалпы суммасы 426000,0 (төрт жүз жыйырма алты) сомду түздү.

Жалпысынан 81298 үй-бүлөгө ар түрдүү жардам көрсөтүлдү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө: 47326,0 кг хлор, 197149 даана маска жана распираторлор, 5615 даана коргоо костюмдары, 92359 даана кол кап, 1663 даана атайын көз айнек, 10518,5л. антисептиктер, 146 даана тепловизор/термометр жана 18355 даана башка медициналык каражаттар таратылды.

Жалал-Абад облусу:

Жалал-Абад областынын аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлүүдө.

Тактап айтсак, област боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 3241,8 тонна ун, 117998,5 кг макарон,  159022 литр өсүмдүк майы, 106826 кг күрүч, 45900 кг кумшекер, 4221,8 кг эт, 84773 кг картошка берилди.

Жалпысынан 94983 үй-бүлөгө жардам берилди. Областа чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы  26338667 сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 40 тонна 954 кг хлор, 377021 даана беткап, 9716 литр антисептик,  5317 даана коргоо костюмдары, 49627 даана кол каптар, 1030 даана термометр берилди.

Мындан сырткары, областын аймагында коронавирус илдетинин кесепетинен жардамга муктаж 10324 үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 11108185  сом акча каражаты сарпталды.

 Ошондой эле, Ноокен районунда 100 жаштан ашкан, Баатыр энелерге жалпы 17 энеге 23000 сомдук азык-түлүк менен белектер тапшырылды.

Баткен облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө  жардам катары 1390,1 тонна ун, 51133 кг макарон,  63043 л өсүмдүк майы, 32181 кг күрүч, 27325 кг кумшекер, 1493 кг эт, 7792 кг картошка берилди.

Жалпысынан 33845 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста  финансылык жардамдын жалпы суммасы 9 млн 151 миң сомду түздү.  

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  6,5 тонна хлор, 100577 даана беткап, 2585,5 л антисептик, 1967 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди.

Ысык-Көл облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө  жардам катары 110 тонна 10 кг  ун, 109 т. 450 кг макарон,  93 миң 476 л өсүмдүк майы, 36т. 959 кг күрүч,  44т 670 кг кумшекер, 1721,5 кг эт, 15 т. 383 кг картошка берилди.

Жалпысынан 44 мин 796 үй-бүлөгө жардам берилди. Чогулган акча каражаттар 1 млн 76 миң 660 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  13100 кг, хлор 118239 даана беткап, 7134 л антисептик, 4927 даана коргоо костюмдары, 212568 даана кол каптар берилди.

Нарын облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 1009 тонна 600 кг. ун, 58 тонна 724 кг. макарон, 46 тонна 979 литр өсүмдүк майы, 28 тонна 798 кг күрүч, 37 тонна  964 кг кумшекер,  3 тонна 315 кг. эт, 1 493 кг чай жана 883 миң 500 сом акчалай берилди. Жалпысынан 30 869 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7т. 965,5 кг хлор, 119 817 даана беткап, 3 куб 454,8 л антисептик, 19 360  даана кол каптар берилди.

Талас облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө  жардам катары 695 тонна 95 кг ун, 10 тонна 934 кг макарон,  11253 л өсүмдүк майы, 10 тонна 207 кг күрүч, 459 пачка чай, 3586 кг кумшекер жана 1335 кг эт азыктары таркатылып берилди.

Жалпысынан 12159 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 млн 436 миң 735 сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7 тонна 849 кг хлор, 87500 даана беткап, 1993 л антисептик, 865 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол каптар берилди.

2021-жыл 4-январь