Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан 2021-жылдын 1-6-февралында аткарылган негизги иш-чаралар тууралуу маалымат

  1. Уюштурулган жана өткөрүлгөн (аткарылган) иш-чаралар:

 

1) КР Коопсуздук кеңешинин экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси тууралуу жыйналышын өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө (Тийиштүү аналитикалык материалдар, чечимдин долбоору жана КР Президентинин тезистери даярдалууда);

2) Төмөнкү КР Президентинин Жарлыктарынын долбоорлору даярдалып, киргизилди:

- КР Коргоо министрлигин түзүү боюнча (1-февралда кол коюулду);

- Мамлекеттик чек ара кызматы боюнча КР Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө (Президенттин Аппаратынын бөлүмдөрү менен макулдашуу процессинде);

- КПҮ (УКМКнын Чек ара кызматынын түзүлүшү боюнча, Президенттин Аппаратынын бөлүмдөрү менен макулдашуу процессинде).

3) Коргоо министрлигин түзүү жөнүндө кол коюлган Жарлык боюнча КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан телеинтервью берилди (Катчынын 1-орун басары республикалык телеканалдарга, сектор башчысы “Ала-Тоо 24” телеканалына);

4) 15-февраль – Совет жоокерлеринин Афганистандан чыгарылышы күнүнө КР Президентинин куттуктоосунун тексти даярдалууда;

5) КР Президентинин дарегине айрым кызмат адамдарына жогорку наамдарды ыйгаруу жөнүндө көрсөтмөлөр даярдалып, киргизилди (Гриф менен);

6) КР Президентинин дарегине КР Коопсуздук кеңешинин айрым чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү тууралуу кызматтык кат киргизилди (Гриф менен).

 

Кошумча:

– КР Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө - КР Жогорку Кеңеши тарабынан
КР Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү учурунда КР Коргоо министрлигин түзүү боюнча КР Президентинин Жарлыгынын маңызы боюнча КР Президентинин позициясы тууралуу Жогорку Кеңешке тийиштүү маалымат берүү жөнүндө кызматтык кат киргизилди (3-февралда Өкмөттүн түзүмүндө бекитилди);

– КР Өкмөтүнүн Аппаратына, КК Генералдык штабына жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке - КР Президентинин 2021-жылдын
 1-февралындагы № 6 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тартибинде толук чараларды ыкчам түрдө уюштуруу жөнүндө кызматтык кат жиберилди жана контролго алынды (1-февралда);

– КР Премьер-министрине КР Коопсуздук кеңешинин айрым чечимдеринин атакарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат жиберилди (Гриф менен).

 

  1. КР Коопсуздук кеңешинин төмөнкү чечимдерин ишке ашыруу боюнча контролдоо жүргүзүлүп жатат:

 КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Кеңештин 20 чечиминин аткарылышына контроль жүргүзүлүп жатат.

Анын ичинен 2 чечим ушул жылдын 24-декабрында кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштамалар маселелери боюнча).

Ошондой эле, 2 толук ишке ашырылган (2020-жылдын
24-январындагы № 2 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмеги боюнча сунуштама жѳнүндѳ»; 2020-жылдын
21-мартындагы № 6 «Кыргыз Республикасынын аймагында COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө»).

КР Коопсуздук кеңешинин 18 чечими контролдо турат, ал боюнча квартал сайын 10 числодо Президенттин атына маалымат берилип турат.

Алардын ичинде 8 чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышынын көйгөйүнө тийиштүү.

 

  1. Эл аралык багыттагы иш-чаралар

 “2020-жылдын 2-декабрында өткөн ЖККУ сессиясынын чечимин жүзөгө ашыруу жана Тажик Республикасынын төрагалыгы мезгилинде сунуш кылынган артыкчылыктуу багыттарды аткаруу боюнча иш-чаралар планынын” долбоору башка мамлекеттердин сунуштарын эске алуу менен каралып чыгып, ЖККУ Катчылыгына жөнөтүлдү. Бул план Тажик Республикасынын Президентинин бекитүүсү менен 2021-жылга анын төрагалыгы астында ишке ашырылат. КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Планды иштеп чыгууга катышкан күч түзүмдөрүнө координациялоо ишин жүргүздү.

 

  1. Мамлекеттик органдарда системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча ишти уюштуруу

 КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянда коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо боюнча актуалдыштырылган планга эксперт жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу өкүл менен биргеликте “онлайн” режиминде мониторинг өткөрүлдү.

  

  1. Кураторлук жүргүзүлүүчү мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана өз ара аракеттенүү боюнча ишти уюштуруу жүргүзүлүп жатат:

 1) КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы;

2) КР Ички иштер министрлиги;

3) КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

4) КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;

5) КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

6) КР Мамлекеттик чек ара кызматы;

7) КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

8) КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы).

 

6. Жетекчиликтин жана КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын дарегине келип түшкөн мамлекеттик органдардын маалыматтары, кайрылуулар, жарандардын арыздары жана даттануулары каралган.

Тийиштүүлүгү боюнча резолюциялар/тапшырмалар даярдалып, мамлекеттик органдар менен иш жүргүзүлүп жатат (аларды карап чыгуу контролго алынган). Айрым маселелер боюнча жарандар кабыл алынууда.

 Бардыгы –  42.

 

  1. Кошумча:

КР ИИМ боюнча Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий жана криминогендик абал боюнча маалыматтар, ошондой эле КР ӨКМ боюнча окуялар тууралуу маалыматтар күн сайын берилип, алар боюнча талдоо иштери жүргүзүлүп турат.

Өлкөдөгү коомдук-саясий процесстерге ачык булактар ​​жана оперативдүү мүмкүнчүлүктөр аркылуу байкоо жүргүзүлүүдө.

  

2021-жылдын 8-13-февралына карата пландалган негизги иш-чаралар

  1. Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси тууралуу КР Коопсуздук кеңешинин жыйналышын өткөрүү боюнча даярдык иштерин жүргүзүү.
  2. КР Президенттин атына киргизилген кызматтык каттар боюнча резолюцияга ылайык иштерди жүргүзүү.
  3. КР Коопсуздук кеңешинин чечимдеринде белгиленген тапшырмаларды ишке ашырууга контролдук кылуу.
  4. Кураторлук кылган мамлекеттик органдардын ишин координациялоо боюнча иштерди жүргүзүү.
  5. Келип түшкөн кайрылуулар, жарандардын арыздары жана дооматтары боюнча иш жүргүзүү, ошондой эле күнүмдүк каттарды карап чыгып, иш алып баруу.
  6. Жетекчиликтен алынган башка тапшырмаларды аткаруу.

 

2021-жыл 6-февраль