Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн 2021-жылдын 15-февралынан 20-февралына чейин аткарган негизги иштери жөнүндө маалымат

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы жумалык иш-чаралардын планы чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө тиешелүү иш алып баруу үчүн таратылып берилди.
  2. 2021-жылдын 16-февралы күнү саат 13: 30дан-17:00 гө чейин КР Өкмөт үйүнүн алдына “Чек араңды эркектей коргобосоң, кийин аялдардай ыйлайсың” деген аталыштагы Чек ара коомдук бирикмесинин 30га жакын жарандын катышуусунда нааразычылык акциясы болуп, бөлүмдүн жетекчиси бул жолугушууга катышып, жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдар менен чогуу жыйын өткөрүү чечими кабыл алынган.

2021-жылдын 17-февралында саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары М.А. Сатыевдын жетекчилиги менен тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусуунда Баткен жана Жалал-Абад облусунун 40ка жакын тургуну менен жыйын өткөрүлдү.

Бул жыйында чек ара боюнча маселелер көтөрүлүп, анын жыйынтыгы менен бөлүм тарабынан иш-чара планы түзүлүүдө.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчилигине келген каттар менен иштөө улантылууда. Бөлүмгө жарандар тарабынан келип түшкөн 7 арыз жана кайрылуулар менен тийиштүү иштер алып барылды.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январында чыккан №2 “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты” боюнча Жарлыгын ишке ашыруу боюнча талкуу иштерине бөлүмдүн кызматкерлери катышууда.
2021-жыл 20-февраль