Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мыйзам долбоорлору

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 Жарлыгына ылайык, колдонуудагы мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүүнүн жыйынтыгында «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Мыйзамдын долбоорунун максаты Кыргыз Республикасында жашаган этностук кыргыздарды колдоо саясатын жакшыртуу, ошондой эле кайрылман макамын алууда колдонуудагы Мыйзамда орун алган боштуктарды жоюу, кайрылмандардын жана этностук кыргыздардын каттоо системасындагы көйгөйлөрүн чечүү, Кыргыз Республикасынын аймагына көчүп келүүчү этностук кыргыздарды кабыл алуу шарттарын жана аларды легалдаштырууну өркүндөтүү болуп саналат.

Мыйзам долбоорго сунуштарды жана сын-пикирлерди Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Кайрылмандар жана качкындар менен иштөө башкармалыгына zhyparamambetova@mail.ru дареги боюнча жиберсеңиздер болот. Телефон байланышы 621315.